Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 308

Депутат Акылбек Жапаров 10-декабрда референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам бузушкан жок дейт. 

"Эң орчундуу суроо-талап - президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандайбызбы дегенде турат. Эгер эл экөөн тең жарабайт деп чечсе, анда азыркыдай аралашма - парламенттик-президенттик башкаруу системасы иштей берет. Мен мыйзам долбоорду демилгелөө менен көздөгөнүм ушул болчу", - деди Акылбек Жапаров. 

Эске салсак, 10-декабрда парламент депутаттары Акылбек Жапаров демилгелеген, мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 2 - жана 3-окууда кабыл алышты. Анда жыйынга катышкан 64 депутаттын 60ы "макул", төртөөсү "каршы" болушкан. 

Белгилей кетсек, депутаттар кабыл алган мыйзам долбооруна президент кол койсо, анда мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдуму президенттик шайлоо менен катар январь айында өткөрүлөт.