Кылымдарды карытып, адамзат көчүндө миңдеген жылдар боюу далай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, жоголуп кетпей, XXI кылымда өзүнүн Эгемендүүлүк туусун желбиретип келаткан Кыргызстан тагдырдын дагы бир оор сыноосунун алдында турат. Биз бул макалабызды бекеринен бир ооз лирикалык артка чегинүү менен баштаганыбыз жок. Анткени ошол карт тарыхты барактай турган болсок, кыргыз эли башкасын айтпаганда да азыр дүйнө жүзүнүн калкынын бештен бир бөлүгүн түзгөн, экономикалык жактан да улуу держва Американы артка калтырып, лидерликке жетип калган улуу кытай эли менен кошуна жашап, тең ата мамлекет катары эсептешип келгендигинин өзү эле бир чети табышмактуу, бир чети таң каларлык көрүнүш. Анткени азыркы эле дүйнө элдеринин башын бириктирген БУУнун эсеби боюнча жыл сайын 2-3 улуттук тилдер жоюлуп, ал тургай мамлекеттер жок болуп жатыптыр. Кыргыз туусунун кылымдар боюу желбиреп, жерге түшпөй келаткандыгынын себеби албетте, кыргыз элинен Манас бабабыз баш болгон, кийинки мезгилдеги Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу мекенчил, көсөм жетекчилерибиздин чыккандыгында.
Тилекке каршы, акыркы отуз жылга жакын мезгилде Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары таанылып, БУУнун баш кеңсесинин маңдайында 250 мамлекеттин катарында өз желеги желбиреген менен чынын айтыш керек, мамлекетти адилет башкарып, бир ууч кыргыз элинин башын бириктирип, аздырбай-тоздурбай, тоолорундагы толо алтынын эл аралык шылуун-шумпайларга талатып-тонотпой башкарган башчы – президентке жарыбай койду. Эмне үчүн андан бери улам эле кийин келген президенттер мурдагыларынан аша түшүп байлыгыбызды уурдап-тоноп, жек-жаат, тууган-уруктары менен өз кланын гана бийликке коюп, акырында өздөрү бала-чакасы менен чет жакка качууга мажбур болууда? Менимче, бул суроонун жообу эле, аларды жалпы кыргыз эли таза, адилет шайлоо жолу менен тандабай, бир ууч акчалуу шылуундардын элдин эркин ээлеп алгандыгында.
Ал эми акыркы президент Сооронбай Жээнбеков деле Акаев, Бакиев, Атамбаевдерден сабак албай, бийликте отурган үч жылда бир иш жасаганды мындай кой, 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өтө ыплас өткөрүп, өзү айткандай, президенттикке кандай күтүлбөгөн жагдайда келсе, ошондой түшүнө кирбеген боюнча бир түндө кол жууп, Пушкиндин “Балыкчы жана балык тууралуу жомогундагыдай” тепшини кармап отуруп калды. Бул бир чети элибиздин мүнөзүндөгү канында жоокердик менен демократиялуулук, канга, бекке баш ийбеген эр жүрөктүүлүктүн белгиси.
Сыягы, дүйнө жүзүндө президент болууга баардык мүмкүнчүлүк берилген, эгер элдин ишенимине кирсе, катардагы малчы менен дыйкан деле мамлекетти башкара ала турган бир гана мамлекет Кыргызстан болсо керек. Андыктан алгач президент болчумун деген талапкерлердин саны 60-70тен ашып, кийин иргелип отуруп, декабрдын башында, 30 миң шайлоочунун колун чогултуп, БШКга тапшыргандардын саны 20га кыскарды. Ал эми картанын колодосындай “крит” болгондордун кээ бирөөлөрү жөн эле атын чыгарыш үчүн талапкерлигин коюшса, айрымдары 30 миң адамдын колун чогултуу, күрөөгө 1 миллион сом коюу жана башка шайлоо талаптарын аткара албай “экзаменден кулашты”. Акыркы маалымат боюнча, алардын саны 20 болууда. Дагы бир айдын ичинде өз ыктыяры менен же тиешелүү талаптарды аткарбагандыгы үчүн талапкерлердин саны дагы кыскарышы мүмкүн. Кыскасы, марафондук жарышка түшкөн күлүктөрдөй, 10-январда элдин сынына саналуу гана талапкерлер коюлуп, шайлоочулар татыктуусун гана тандап алышмакчы.
БШКнын билдирүүсүндө, шайлоого катышуу ниетин билдирген 20 киши жетиштүү кол топтоп шайлоо күрөөсүн төктү. Алар: Клара Сооронкулова – 33 458, Аймен Касенов - 46 270, Бабыржан Төлбаев – 59029, Адахан Мадумаров - 39 856, Садыр Жапаров - 59 998, Равшан Жээнбеков - 39 874, Рашид Тагаев – 40 651, Элдар Абакиров – 43 630, Жеңишбек Байгуттиев – 51 896, Арстанбек Абдылдаев – 47 998, Курсан Асанов – 43 864, Бактыбек Калмаматов – 35 300, Мыктыбек Арстанбек – 33 083, Абдил Сегизбаев – 55 480, Улукбек Кочкоров – 43 804, Кубан Чороев – 39 053, Кубанычбек Токтосунов – 30 106, Канатбек Исаев – 38 987, Каныбек Иманалиев – 35 658 жана Имамидин Ташов – 35 493.
Ооба, трайбализм, жердешчилик жана акча негизги ролду ойногон мурдагы шайлоолордо эл экиге гана эмес, жетиге, ал тургай кокту-колотко бөлүнүп келген. Бирок бул ирет, болгондо да 4-октябрдагы ар бир добуш 5-6 миң сомго чейин сатылган ыплас шайлоодон кийин эл мындай шермендечиликтин өйдө көтөрүлүп, чыныгы лидерин издөөдө. Ал ким? Дал ушул суроонун жообун бүгүнкү күндө бир гана кыргызстандыктар эмес, дүйнөлүк коомчулук издеп, байкоо салып турган кербези.
Эл аралык шайлоого алдын ала байкоо жүргүзгөн уюмдардын божомолунда Кыргызстандагы 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттикшайлоододобушберетургандаррекорддуккөрсөткүчкөжетишикүтүлүүдө.
Москвадагы саясий социология илим изилдөө институту өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн.
Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Респонденттердин жалпы саны 7088 болду. Анда жашы 18ден жогору болгондор сурамжылоого алынган.
“Эгерде Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” деген суроого жарандардын 84,5%ы ооба деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эмес, дагы 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган. Мындай сурамжылоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар кандай себептерден улам шайлоого реалдуу катышуу болжолдонгондон да төмөн болот. Анткен менен Кыргызстан 2021-жылдын январь айында бул көрсөткүч боюнча жаңы рекорд коет деп айтууга негиз бар. Добуш берүүгө барам дегендердин ичинен Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустары алдыда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө.
Кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү. Биринчи орунду мурдагы өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%). Экинчи орунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаев (0,86%) турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана активист Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген. Мурунку депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн. Калган талапкерлердин бардыгы жалпысынан жарандардын 5%дан төмөн колдоосуна ээ болот.
Кыргызстандыктардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин, же социологдордун суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал эми 9,49%ы бардык талапкерлерге каршы добуш берерин айтышкан.
Сурамжылоо телефон аркылуу маектешүү методу аркылуу жүргүзүлгөн. Сурамжылоого бир үйдөн бир гана адам катышкан. Респонденттердин ичинен эркектер – 53%, аялдар – 47%ды түзгөн. Калктын жашаган аймагынын түрлөрү боюнча шаар тургундарынын үлүшү 44,4%ды түздү.
Ал эми "Кыргыз элимдин" сурамжылоосу катышуучуларынын 62%дан ашыгы Садыр Жапаровду колдой тургандыктарын билдирген.
Аталган портал 30-ноябрдан 7-декабрга чейин кийинки жекшембиде шайлоо болсо окурмандар талапкерлердин кимисине добуш берерин билүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн.
Анда Садыр Жапаров добуш берүүнүн лидери болгон.Сурамжылоого катышкандардын 62%дан ашыгы аны колдошкон.
"Шайлоого катышпайм" деген жооп популярдуулук боюнча экинчи орунда - 14,9%. Сурамжылоого катышкандардын дагы 5%ы "башка талапкерге" добуш беребиз дешсе, 4,5%ы баарына каршы добуш берерин билдиришкен.
Башка талапкерлердин ичинен эң популярдуусу Адахан Мадумаров (3%), Абдил Сегизбаев (2,7%) жана Клара Сооронкулова (2,4%) болгон. Калган талапкерлер 1,5%дан аз добуш алышты.
Бул сурмжылоого 638 адам катышкан.
Жогорудагы иликтөөлөр көрсөтүп тургандай, 6-октябрдагы окуядан кийин көпчүлүк митингчилер тарабынан мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын колго алып, хаоско түшүп кетүүдөн куткарып калган Садыр Жапаровдун президент болуу мүмкүнчүлүгү баардык башка талапкерлердин көп экендиги көрүнүп эле турат. Бир чети ал бийликте турган кыска аралыкта мурдагы президенттердин учурунда түзүлгөн көптөгөн коррупциялык схемалар талкаланып, жеп-ичкендер кармалып, уурдаган байлыгы менен басып алган жерлерин кайтарып беришип, элдин үмүтүн актап койду...
А. Акжолов.