10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөнү жаткан президенттик шайлоого байкоочулар даяр. БШКдан маалым болгондой, 43 эл аралык байкоочулар каттоодон өткөрүлдү. Алар 7 мамлекеттен жана 7 эл аралык уюмдардан келчү байкоочулар. Алардын ичинде Молдованын, Азербайжандын БШКларынан өкүлдөр бар. Ошондой эле КМШ ПААдан да атайын өкүлдөр келишип, президенттик шайлоого байкоо салышат.
Мындан сырткары, ОБСЕнин өкүлдөрү келишип, шайлоонун жүрүшүнө атайын мониторинг жүргүзүшөт.
Не дебейли, шайлоого байкоочулардын көп катышуусу абдан маанилүү. Бул шайлоонун таза, ачык айкын, демократиялык нормалардын сакталып өтүшүн шарттайт. Админресурстарды пайдалануу менен шайлоонун жыйынтыктарын жасоону кайсы бир деңгээлде алдын алат.
Булак: “Майдан. kg” гезити