Бардык цивилдүү мамлекеттерде чет өлкөлөрдүн эсебинен каржыланган уюмдар өздөрү иштеген мамлекеттердин саясаттарына аралашпайт. Анткени, жашоого керектүү каражаттары сырттан келгендер ошол тараптын агенттери катары эсептелишет. Орустарда “ким акчасын төлөсө, музыкага да ошол буйрутма берет” деген жакшы сөз, ага кошумча “бекер тамак капканда гана болот” деген макал бар. Чындыгында эле кайрымдуулук иштеринде гуманитардык максаттарда кайтарымсыз берилген каражаттар болушу мүмкүн, бирок саясый максатта эч ким кайтарымсыз демөөрчүлүк кылбайт. Анткени, саясат боорукердикке, гумандуулукка эч кандай тиешеси жок ырайымсыз чөйрө. Кыргызстанда саясатка аралашкан гана эмес, социалдык ж.б. максаттардагы сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы болбосо да басымдуу көпчүлүгү демөөрчүлөрүнүн саясый буйрутмаларын аткарышат, эл арасында алардын саясатын жүргүзүшөт, донорлордун кызыкчылыктарына шайкеш келгидей ыңгайлуу моралдык, психологиялык кыртыш түзгөнгө аракеттенишет, чалгындык, контрчалгындык багыттардагы тийиштүү мекеме–уюмдар үчүн маалыматтарды топтоп беришет.
Биздин өлкөдөгү алардын анабашчысы “Азаттык” радиосу болуп саналат. Мында өзгөчө көңүл бурчу нерсе, “Азаттык” мурда АКШнын ЦРУсу тарабынан каржыланса, азыр конгресс тарабынан каржыланган менен анын иштөөсүнө АКШнын өзүндө “Азаттыктын” материалдарын таркатууга мыйзамдык деңгээлде тыюу салынган. Эмне үчүн? Анткени, анын материалдарында деструктивдүү, атайын кызматтар тарабынан даярдалган аскердик жана геосаясый кызыкчылыктарды көздөгөн бир тараптуу материалдар басымдуулук кылгандыктан АКШнын өкмөтү андай нерселерди өз элине ыраа көргүсү келбейт. Аны “Азаттыктын” Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоодогу айрым контенттери далилдеп жатат.
“Азаттык” биздин ички иштерибизге одоно кийлигишип жатат,- дейт укук коргоочу Турсунбек Акун, - Ар кандай адамдарды чогултуп алып, Курултайды жактагандарды чыккынчыларга теңеп жатышат. Деги буларда этика деген барбы? Азыр сырттан каржыланган ЖМКлар Кыргызстанда провакацияларды жүргүзүшүп, саясый күчтөрдү ачыктан ачык кайраштырышууда”.
Чындыгында эле биз Курултай менен жашайбызбы же башка форманы тандайбызбы, океандын ары жагында жаткандардын, алардын садакалары менен жашагандардын анда кандай жумуштары бар? Эл кааласа Курултайды киргизет, каалабаса парламент менен эле жашай берет. Аны эгемендүү өлкөнүн эли, бийлиги сырттагы эч кимден, өзгөчө алар айдактагандардан сурабайт.
Кайсыл өлкөдө болбосун “Азаттыктын” максаты, иши саясый күчтөрдү, элди бири-бирине кайраштырып, саясый туруксуздукту жаратуу. Ошондуктан, ал радионун ишине КМШга кирген Россия, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө тыюу салынган. Ал эми бизде “Азаттык” жөнүндө терс пикир айтылса эле ага окшоп чет өлкөлөрдөн каржыланган НПОшниктер сөз эркиндигине, демократияга кысым көрсөтүү катары кыйкырып чыга калышат. Бирок импорттолгон демагогиянын, өз ордун билбеген охлократиянын демократияга кандай тиешеси бар? Демократия - башка адамдардын гана эмес, башка өлкөнүн өз тагдырына өзү ээ суверендүүлүгүн, саясый тажрыйбасын жана маданиятын сыйлоо да болуп саналат.
“Азаттыктын” ачыктан ачык А.Атамбаевге жан тарткандыгын, ал эми андан кийинки бийликтегилерди ар тараптан шыбап келаткандыгын жакшы билебиз. Алар азыркы өткөөл учурда ашкере чектен чыгып кетишти. Билишибизче, АКШнын аракеттеги президенти бир катар өлкөлөрдөгү “Азаттыктын” кызматтарын кыскартып, үнөмдөлгөндөрдү социалдык маселелерди чечүүгө жумшоону чечкен экен, ал өлкөлөрдөгү “Азаттыкчылар” өздөрүнүн керектүүлүгүн ырастоо үчүн, кызматтары жабылып калбоо үчүн өзгөчө активдүүлүктөрүн көрсөтүп жатышыптыр. “Азаттыктын” кыргыз бөлүмүндө иштегендердин да деструктивдүү материалдарга өзгөчө басым жасап жатышкандыгынын бир себеби ушунда болсо керек.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити