Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 98

Алар сынак менен алынганын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады.

-Абдес Анарбеков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.

-Мырза-Айым Камчибекова Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

-Асхат Осмонов мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;

-«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурлан Наматов, анын орун басары болуп Тынчтык Медербеков дайындалды.

-«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасын Адилет Курпердиев жетектейт.

-Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын милдети убактылуу Бакай Турдугуловго жүктөлөт. Ал ушул эле башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башысы болуп иштеп келген.

-Жер ресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Сагындык уулу эми калаанын жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри кызматын аркалайт.

Булак: Маралфм