Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголуп камакка алынган эле. Ал акыркы парламенттик шайлоо маалында мамлекеттик ишкананын жетекчисин коркутуп, опузалоо менен 7 млн. сомду бир партиянын пайдасына которттургандыгы боюнча айыпталууда. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, Курманбек Дыйканбаев акча каражатын которбосо, кызматтан алына турганын билдирген.
Ал эми Курманбек Дыйканбаев тергөөдө Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергендиги маалым болду. Ал Зулпукаров боюнча эмне айткандыгы азырынча белгисиз. Бирок тергөө амалдары көптөгөн фактыларды, жагдайларды ачыкка чыгараары белгилүү. «Инстинкт самосохранение» деген бар. Күч келгенде, өз баштарын аман алып калуу үчүн болгон чындыктар айтылат. Демек, Төрөбай Зулпукаров да суракка чакырылып, көптөгөн суроолорго жооп бериши ыктымал. Анда ал кимдерге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн? Эгерде ал кандайдыр мыйзамсыз иштерди кылган болсо, өз алдынча кылбагандыгы айдан ачык.
Булак: «Майдан. kg» гезити