Улуттук гвардиянын мурдагы башчысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев ушундай пикирин билдирди. Ал коррупция, аткезчилик менен алектенген аткаминерлерге карата жаза катаал, аёосуз болушу керектигин белгилеп, аларды дубалга тургузуп, атып салган туура болорун айтты.
«Биз эртеби-кечпи коррупцияны ооздуктайбыз деп ишенем. Мен оптимистмин. Биз жете турган чекке жеттик, мындай абалдын улана бериши мүмкүн эмес. Биздин башкы көйгөйүбүз, коррупция менен күрөшүүчү бийлик башындагылар өздөрү коррупциянын башындагы ажыдаарга айланып кетишет. Бул маселеде кыргызчылык кылуу жарабайт. Катуу чараларды көрүү керек. Коррупцияга малынып, бюджеттин акчасын уурдагандарды дубалга такап эле атып салыш керек», - дейт генерал.
Булак: «Майдан. kg» гезити