С.Хангтингтон эмгектеринде цивилизациянын күтүлүп жаткан кагышуулары тууралуу эскерткен. Анын айтканындай болуп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү цивилизациянын кагылышуусу ачык карама каршылыкка чыгуу этабына келди. Цивилизациянын, башкача айтканда баалуулуктардын согушу ачык фазага өтүп, кульминациясына жакындады. Жакынкы Чыгыштагы, АКШдагы, Европадагы окуялар бул кагылышуулардын курчуганынан кабар берет. Адамдардын акыл-эсинин жана жүрөгүнүн тандай турган баалуулуктары үчүн кармашы жүрүүдө. С.Хангтингтон батыш цивилизациясынын чыгыш салты, либералдуу жана ислам дүйнөсү менен күрөшүн белгилеген. Бул цивилизация согушу биздин өлкөдө да бар, болгондо да катуу. Өзгөчө батыш либералдык бөлүктүн тарапташтары активдүү болушууда, анткени салттуу баалуулуктар баары бир аларды четке кагаарын түшүнүштү. Мисалы, кыргыздарга индивидуализм жана гей-параддар жат көрүнүш.
Конституциянын тегерегиндеги талаштар да - бул цивилизациянын кагылышуусунун формасы, башкача айтканда баалуулуктар үчүн согуш. Парламенттик же президенттик башкаруу формасы тууралуу маселе - бул жөн гана форма, формалдуу тарап, а мазмуну боюнча баалуулуктардын кагылышы деген ушул. Күрөш бизге жат болгон агрессивдүү либералдык баалууктарды орнотуп, сактайбызбы же салттуу улуттук-маданий баалуулуктар менен жашоону улантабызбы дегенде болуп жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда - аял менен күйөө бар, улууларды урматтоо, карыларды сыйлоо, жакындарга камкордук көрүү керек деген эреже орнотулган салттуу үй-бүлө, же жакын туугандардагы индивидуализм, гей-параддар жана ар кандай көргөзмөлөрдү баалаган бир жыныстуу нике. Аны менен катар салттуу улуттук-маданий баалуулуктарды цивилизациянын глобалдуу формасынын башталышында эле кыйратууга багытталган үлгүсү аркылуу жоготуп жана тебелеп салууга аракет жасалууда (парламентаризм, партиялык топтор, салтка ылайык келбеген үй-бүлө, индивидуализм ж.б.)
Мамлекеттик байликтин орнотулушу тууралуу айтканда деле же биз күчтүү, жоопкерчиликтүү кожоюн - ата үчүн же жоопкерчиликсиз, убактылуу, келип-кетчү өгөй аталар үчүн кол көтөрүшүбүз керек.
Ошондуктан, урматтуу чечим чыгаруучулар, башкаруунун формасын тандоо боюнча кайдагы референдум? Конституциялык кеңештин урматтуу мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, сиздерден мобилдүү, ыкчам, жоопкерчилик менен ишиңиздерди аяктоону жана Конституциянын долбоорун депутаттарга чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүүнү суранам.
Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү "Сиз салттуу үй-бүлөнүн болушун колдойсузбу же бир жыныстуу никениби?" - деген суроо салууга тете. Эгер биз муну түшүнбөсөк, убакытты жөн эле уттурган болобуз.
Эгер либералдуу баалуулуктардын тарапташтарынын да пикирин угуу керектелсе, анда келгиле, ушундай суроо узаталы. Кыргызстан парламенттик башкарууда болгон 10 жыл ичинде өлкөгө келген жок дегенде бир инвестордун компаниясын атап берсинчи. Убактылууларга көз боемочулардын тобунан башка эч ким келбейт. Өзбекстандын президенти Мирзиеев бийликке келген 3 жылдын ичинде 120 миллиард доллар инвестиция тартты. А биз сырткы карызды толтурган насыяларды гана көбөйттүк. Коңшуларыбыздын арасында парламентаризмди куруу жаатында "алдыдабыз", бирок экономикалык жана элдин жашоо-турмушунун деңгээлинин өсүшү боюнча алардан дээрлик 20-30 жылга артта калдык. Эми болсо айрым топтор ушул жоопкерчиликсиз системаны сактап калууга жан үрөшүүдө. Эгер бул жылдар аралыгында экономикада позитивдүү көрсөткүчтөргө жеткен болсок, анда мейли, бул саясий кадамдын тууралыгын билдирмек. Саясат менен экономика бири бири менен байланышкан категориялар экени маалым эмеспи.
Убакыттан уттуруу келесоолук, убакыт заматта өтөт, бизди күтпөйт. Көпчүлүк маселени терең түшүнбөгөндүктөн зыяндуу идея жана эрежелерди колдоп жатып, өз элинин душманы болуп калышы ыктымал. Бирок өлкөнү атайын кыйроого алып бараткандар да жок эмес, алар - парламенттик системаны орноткондор жана учурда коргоп жаткандар.
Убакыт ырайымсыз, анда боор оору деген жок, адамдардын пикири менен эсептешип отурбайт, кайдыгерлик үчүн катуу жазалайт. Элде жөн жерден "бүгүн бүтүрчү ишиңди эртеңкиге калтырба" деп айтылбайт да.
Айдарбек Мамбеткадыров Абдыраевич – Конституциялык кеңешменин мүчөсү, көз карандысыз юрист