Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 162

-Нарынбек агай,  жаңы кабыл алынат деген Конституция талкууга түшөр менен эмнегедир аны жээригендер  Конституция кабыл алынбасын деп митинг уюштуруп, жөө жүрүштөргө чыккандар болду. Алар президенттик башкарууну каалабай  жатабы же  партиялык системаны сактап калуунун айласын издеп жатабы?

- 2010-жылы  системаны өзгөрттүк, парламенттик өлкө курабыз дешкени менен Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышын президент эле башкарып, кадимкидей эле тейлеп, ким тил албай койсо ошону камап, саясатчыларга бир топ ыдык көрсөттү. Бирок парламенттик өлкө болобуз дегенибиз үчүн бизди тегеректеген кошуналарыбыздын баары жаман көрүштү.

Жаңы конституциялык долбоор талкууга алынганы “Ханституция болот экен, хандык мамлекет болот экен”, - деп чурулдап  чыгышты. Эч нерсе боло электе нааразычылык акцияларды, митингдерди уюштурушту. Жакшылап байкап көрсөң, ошол нааразычылыктын артында батыштын башкаруусу тургандай сезилет.

Туура, демократия болушу керек. Демократияга адамзат илгертен бери умтулуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, демократиянын өзүн жакшы түшүнө албай койдук. Аягында демократия деп отуруп, ушунчалык кыйынчылыкка кептелип калдык. Сырткы карызыбыз андан беш бетер, ички саясатыбыз да жөнгө салынбай саясый кризиске кептелип айла кетип турат.  

Менин оюма койсо күчтүү жана таза, элге күйгөн  президент болсо, Кыргызстан оңолот беле деген ойдомун.  Ал үчүн болгон бийликтин баарын бир эле кишинин колуна бериш керек.

-Бирок андай болсо, эбегейсиз бийликке ээ болуп калат деп сындап жатышат го?

-Айрым саясатчылар “болгон бийликтин баарын бир адамга берип койсо Түркмөнстандай болуп калат” деп жатышат. Чынында,  андай болбойт. Анткени, кыргыз эли көчмөн эл. Эч качан бирөөгө баш ийип калбайт. Кыргыздарга 10 жылдын ичинде 4 жолу Акүйдү алып койду деп дүйнө эли таңгалып жатат. Чындап эле кыргыздар кыйын, эркиндикке көнгөн эл экенбиз. Эгерде биздин шайлап алган президентибиз туура эмес жолго түшүп, туура эмес ишке барса, эл толкуса аны эч ким токтото албайт. Мисалы, милициянын саны 15 миң эле. Армиянын саны деле ошончо болсо керек. 30 миң адам чыкса, аларды ким кой деп токтото алат. 5-6 октябрда элди токтото турган күч калбай калды го. Аз жерден мамлекетибиз чачылып кете жаздады.

Эл үчүн иштеп, тарыхта калайын, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрөйүн деген президент келсе, бийликтин баары бир колдо болсо, жоопкерчиликти да, Кыргызстандын тагдырына да бир киши жоопкер болсо, мамлекетибиз өнүгөт эле деген ойдомун.

-Биийликти бир колго топтобой үч бутакка тең бөлүш керек деген тараптар да чыгып жатат го. Бийлик үч бутакка тең бөлүнсө өнүгүү болобу?

-Эгер жоопкерчиликти бир кишиге жүктөбөй  бийликти үч бутакка  теңеп бөлүп койсок, баягыдай эле болуп калат. Эч ким жооп бербейт. Министрлик кызматка баштагыдай эле каалагандарын коюшат. Тагыраагы, министрлерди  парламенттеги партиялар бөлүп алышат. Фракциялар сунуштаган кадрлардын билими барбы, жокпу деңгээли кандай, профессионал экенине   карабай эле дайындай беришет. Премьер-министр ишин жөндөй албаган министрди уяткарайын дейт, бирок аны дайындаган фракциядан чочулайт. Иши алдыга жылбаса дагы кандай тил угам деп президенттен коркот. Мындай шартта иштегендер мамлекетти алдыга сүрөйүн дебей эле  убактылуу болсо да даражалуу кызматты ээлеп турсам дешет. Ошондуктан, бардык жоопкерчиликти бир кишиге жүктөгөнүбүз оң. Анткени, тарыхты личносттор жасайт.  

 -Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгып эле президент болду деп жээригендер да, сындагандар да көбөйдү. Анын бири Жириновский. Түрмөдөн чыгып эле президент болгон  окуя Кыргызстанда эле биринчи жолу болуп жатабы же башка мамлекеттерде да болгонбу?

-Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыгып эле президент болгону Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде дагы чоң талкуу болуп жатат. Өзгөчө Жириновский Владимир Вольфович “Кыргызстан менен катышыштын кереги жок. Кыргызстанда түрмөдө жаткан киши  чыгаары менен президент болуп алганы факт. Көчөдө жүргөн бандиттер бир күндүн  ичинде бийликти басып алды. Дүйнө жүзүндө мындай фактылар болгон эмес”, - деп  катуу айтты. Эртең менен бирди, түштөн кийин бирди сүйлөгөн  эмоционалдуу Жириновскийге жооп кылгым келип жатат. Түрмөдөн чыгаары менен президент болгон фактылар Кыргызстанда эле эмес, Чехияда, Венгрияда деле болгон. Маселен,  1990 –жылы Вацлав Гавелди  түрмөдөн чыгар замат 54 жашында Чехиянын президенти кылып шайлашкан. Ошондой эле, Арпад Гёнц   деген Венгрияныны атуулу  түрмөдө көп жыл отурган жазуучу болгон. Түрмөдөн чыгаары менен  эли 78 жаштагы Арпад Гёнцди президент кылып шайлап алышкан. Ошондуктан, Садыр Жапаров эле түрмөдөн чыгаары менен президент болуп алды деп жээрибей деле койсок болот. Анткени, Садыр Жапаровду эл колдоп президент кылды.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: «Майдан. kg» гезити