Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 206

"Кээде мен, Камчы Ташиевке таарынып калам, кээде сындап коём, кээде жасаган жакшы иштери боюнча мактап коём... Анткени мен эжесимин.

Камчы, сөзсүз сакайып, мамлекети, эли үчүн даалай тарыхта кала турган иштерди жасайт, себеби Камчы өтө боруукер, сезимтал, ак көңүл, о.э. ичинде кыпындай кири жок мекенчил, балдарды өзгөчө жакшы көргөн улуу инсан!

Камчы сен ооруба...", - деп жазды экс-депутат Жылдыз Жолдошова Фейсбуктагы баракчасына. 

Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин ооруканада дарыланып жатканы тууралуу кабар тарап, андан кийин УКМКнын төрагасы өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу ал кабарды тастыктаган. "Диагнозумду билем, калган өмүрүм элдики. Көп иштерди аткарууга үлгүрүш керек", - деген саясатчы.