Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

Курулуштун жалпы сметалык баасы 10 млн 650 миң сом, аны бүткөрүү 2021-жылдын апрель айына пландалган. Анда лабораториялык бөлмөлөр, окуу класстары, иш бөлмөлөрү жана башка тийиштүү болгон бардык шарттар каралган. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Лабораториянын курулушу аймактагы кооптуу, зыяндуу, продукциялардын таркалышын алдын алууда коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуу менен иш алып барууга өбөлгө болот.

Бул аракет биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана ишкерлердин ишин илгерилетүү максатын көздөйт. Анткени буга чейин Баткенде лабораториянын жоктугунан экспорттоочу продукциянын сапатына күмөн жаралган учурда Ош шаарындагы лабораториядан текшерүүгө мажбур болушкан. Бул дыйкандар менен фермерлерди ашыкча убаракерчиликке салгандан тышкары убактысын да алып, негизги жумушунан алагды кылып келген болчу. Эми фитосанитардык көзөмөл лабораториясы курулса, баткендиктер эрте бышкан жашылча-жемиштерин жана мал азыктарын түз эле өлкөбүздүн сыртына экспорттогонго мүмкүнүчүлүк алышмакчы. Демек, айланып келип өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүшүнө шарт жана салым кошулмакчы.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде мүчө болуусу менен санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салууга өзгөчө маани бериле баштаган.

Булак: “Майдан. kg” гезити