Кыргызстанга парламенттик башкаруу керекпи же президенттик башкаруубу деген суроо көптөн бери коомчулукту аралап жүрөт. Саясатчылар жана карапайым элдин талкуулаганы ушул тема. "Ring. kg" сайты Кыргызстандын Улуу Британиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, учурдагы Конституциялык кеңештин мүчөсү Эдил Байсаловго өлкө парламентаризмден эмне алганы тууралуу суроо узаткан.
"Биз парламентаризмдин “П” деген да тамгасын көргөн жокпуз. Парламенттик система кириш үчүн биз жок эле дегенде өкмөттүн курамын депутаттардан дайындасак туура биринчи кадам болот эле. Мен айтып атамго, жалгыз ошол Бабановдун өкмөтү өзүн толук кандуу өкмөт катары сезген, элдин мандаты колунда. Бирок аларды кайра эле бир күч кетирди айдап, ошо менен эң күчтүү депутаттар же өкмөттө эмес, же Жогорку Кеңеште жок, көчөдө калышты. Андан кийин дагы он чактысы болбогон бир шылтоолор менен камалып чыгышты. Мен партиялык тизмелер кандай жол менен түзүлгөнүнө киришпей эле коёюн. Жеткен либерал оңчулдарды социалист кылып киргизип, аларды шайлатып .ж.б.у.с. Айтор, сөз көп. Парламентаризм болгон эмес. Бат эле Атамбаев бардыгын өзү чечип калган. Анан ал кеткенде Жээнбеков. Мамлекетте президенттерсиз бир да кнопка басылбай калганын мына биз акыркы жылдары көрдүк. Анан кайдагы авторитаризм менен коркутуп атышат?! Мен айтып коёюн, мобул Конституциялык тема элдин жашоосуна эч кандай тиешесин жоготуп койгон. Бул ашып кетсе бир жүз кишиге кызыктуу болушу мүмкүн. Азыр эң негизги маселе, бул жакырчылык жана жумушсуздук. Биз экономикабызды сөз менен эмес, иш негизинде өстүртүшүбүз керек. Жакыр, кедей, кембагал мамлекетте демократия эч качан орнобойт, канча аракет кылсак дагы. Демократия ийгиликтүү жана ишенимдүү иштеши үчүн орто класс калың катмар болушу керек. Ага жетмейинче мобул азыркы Конституциянын тегерегиндеги дискуссиялар бул жөн эле көз боёмочулук жана текке кеткен убакыт", - деп жооп берген Эдил Байсалов. .