Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 4985

 
 
- Арзыбек мырза, губернатор болуп иштегенден бери кандай иштерди аткарганга үлгүрдүңүз?
 
- Баткен облусунда эң орчундуу маселелердин бири бул жумушсуздук маселеси. Жумушсуздуктун айынан ишке жараган жаштарыбыздын көбү Россияда, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Тактап айтканда, облус боюнча 60 миңден ашык жараныбыз мигрант болуп, сыртта жүрөт. Мамлекет бере албаган каражатты ошол чет жерде жүргөн мигранттарыбыз берип, облус элин багып жатат. Кыскасы, Баткенде элдин жашоо-турмушу жакшы деп деле айтууга болбойт. Иштейин десе эч кандай иш жок. Элдин иштегени эле дыйканчылык. Быйыл дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу абдан кыйын болду. Ага карабай талаа иштеринин теңинен көбүн бүткөрүп алдык. Буга чейин облуста көзгө толоорлук эч кандай деле иш аткарылбаптыр. Социалдык мекемелердин көбү жарактан чыгып, капиталдык ремонтко муктаж болуп турат. Ошонун баарын ремонттон өткөрүп, социалдык мекемелерди куруунун үстүндө иштеп жатам.
 
- «Ата-Журт» партиясынын аркасы менен губернатор болгонуңуз чынбы?
 
- «Ата-Журт» партиясына эч кандай тиешем жок. Баткендин кулуну болгондугума байланыштуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев: «Баткен элинин жашоо турмушун жакшы түшүнөсүң» деп эки жолу ЖКнын депутаты болгондугумду эске алып, губернаторлук кызматка бекитти. Бирок «Ата-Журт» партиясын мактагандан башка жаман деп эч нерсе айталбайм.
 
- Губернатор болгонуңузга жергиликтүү карапайым тургундар нааразы болушту го…
 
- Мурунку губернатордун жактоочулары облустук администрациянын алдына чогулуп, мага бут тосуп, кызматка келтирбөөгө аракет кылышты. Бут тоскон менен пайда чыкпасын билишти окшойт, эки күндөн кийин эле таркап кетишти. Мурунку губернатор азыр президенттин кеңешчиси болуп иштеп жатат.
 
- Акаевдин «Алга, Кыргызтан» партиясынан депутат болдуңуз эле. Кийин Бакиевдин «Ак жол» партиясынан да депутат болдуңуз. Бул партияларга кирип, депутат болушуңуздун себеби эмнеде?
 
- «Алга, Кыргызтан» партиясынын башында Акаев тургандыктан, ал киши бийликтин күчүнө салып, мага окшогон жаш талапкерлердин депутат болуусуна жол берген эмес, аргасыз Акаевдин айтканына көнүп, «Алга, Кыргызстанга» - кирип депутат болгом. Кийин Бакиев дагы кудум эле Акаевдей болуп, «Ак жол» - партиясына кир, болбосо депутат болбойсуң, саясаттан сүрүп чыгарам» - дегенинен аргасыз «Ак жол» партиясына кирип депутат болгом. Жаманбы–жакшыбы менин кандай иштегениме эл тараза, Баткен облусунда кадыр-баркым жогору. Эл мени колдооруна ишенем.
 
- Президенттик шайлоо жакындап келатат. Кайсыл саясатчыны президенттикке татыктуу деп ойлойсуз?
 
- Алмазбек Атамбаев, Адахам Мадумаровдорду татыктуу адамдар деп айта алам. А.Мадумаров Баткенге келип, эл менен жолугуп ой бөлүшүп кетти. Эл ал кишини абдан колдоду.
Фабула