Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 471

-Президенттикке 63 талапкер ат салышты. Бул эмнени билдирет? Кыргызда кыйындар  көппү же амбициясы ашкандарбы?

-Кыргызстандын жарандары  29 жылдан бери калыптанып калган адилетсиз  жашоого чыдабай, өзүнүн талапкерлигин  президенттик шайлоого коюп жатат деп ойлойм. Бул даражалуу кызматтын баркын мурун эле кетирген адамдар болгон. Тилекке каршы, өзүнүн жеке амбициясын мамлекеттин кызыкчылыгынан бийик коюп, улуттук, мамлекеттик ресурстарды бекер берип, өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргобой тебелеп, башка мамлекеттерге 100 пайыз көз каранды кылып коюшкан. Мүмкүн мамлекетибиздин азыркы абалына арданган азаматтар президенттик шайлоого катышып, өздөрүн сынап көрөйүн деп жатышкандыр. Ошон үчүн түрдүү тармактагы адамдар дараметине, мүмкүнчүлүгүнө карабай ат салышайын деп жатышкандыр.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити