Өмүрбек Текебаев өзүн абдан акылдуу сезээрин билебиз. Бирок айтылуу Арстан Алайдан да ашып түшүп, өзүн Кудай сезип алмайы бар. Ушу тапта Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомчулукта ар кыл талкуу башталды. Албетте, бул боюнча ар бир жаран оюн ортого салууга акысы бар. Бирок пикирин айтууда ар кимге асылбай, амбициясын асманды чапчытпай, эмоцияга алдырып, элирип-көбүрбөй реалдуу ойлорун ортого салышса болот да. Бирок, Текебаев антпейт. Башмыйзам боюнча талкууга катышып жатып караманча элирип кеткенине күбө болдук. Андан башка акылдуу киши жоктой, айтор. Бул кебетеси менен кете берсе жакында жинигип, өзү эле эмес өлкөгө да коркунуч жаратчудай.