Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 186

Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы долбооруна активдүү каршылык көрсөтүүдө. Ал мындай Башмыйзам менен Кыргызстан алыска узабай турганын белгилеп, бийликти узурпациялоого жасалган алгачкы аракет катары сыпаттаган.

Текебаевдин каршылык көрсөтүүсүнүн себеби орчундуу – ал 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын автору, кыргыз элинде айтылып жүргөндөй “Башмыйзамдын атасы". 2010-жылда өлкөнү кандай окуялар курчаганы белгилүү, туруксуздук, башаламандыктан пайдаланып өзү каалагандай мыйзамдарды Конституцияга тиркеген. Анын 90 пайызы өзүнүн кызыкчылыгына, алдыдагы максаттарына ылайыкталганын убакыт көрсөттү. 

Белгилей кетсек, бул анын Башмыйзамды жазууга биринчи жолу катышуусу эмес,  1991, 1994, 2002, 2006-жылдардагы Конституциянын долбоорун иштеп чыгууга түзүлгөн  жумушчу топтордун ар бирине мүчө же жетекчи болгон.

2010-жылы кабыл алынган Текебаевдин Конституциясы өлкөгө эмне берди? Биринчи кезекте, үч баштуу бийликти, андан кийин партиялык тизме бизнесин. Анын жыйынтыгында жоопкерчиликсиз башкаруу жана сабатсыз депутаттардын жоон тобу пайда болду. Эл өздөрүнүн өкүлүн түз шайлоо укугунан ажыратылды, анын ордуна партиялык лидерлер эл менен бийликтин ортосунда ким өкүл болоорун чечип калышты. Партиядагы алдыңкы тизмелер бир нече жүздөгөн долларга чыкты, мыйзам чыгаруу, баалоо, сыпаттоо жаатында сабаты жок, ал турмак эки ооз сөздү эптештирип туура сүйлөй албаган, бирок акчаны көбөйтүү, алуу, кошуу тарабынан таланттуу олигархтар парламентти ээледи. Текебаевдин Башмыйзамды киргизип жатканда: “Партиялык шайлоо системасын мен буйруса чоң бизнеске айлантам”, - деп айтканын уккандар айтып жүрүшөт. Ал тилегине жетти, элдин укугун өзүмдүк кылып алуусу менен акчалууларды парламентке шыкап, капчыгын калыңдатты.

Ошондой эле, элдин сынынан эмес, партлидердин “сынагынан” өтүп келген депутаттар өз пикири жок, бийликтин айдаган жагына баскан куурчактар болоору далилденди. Бир адамга жоопкерчилик тагылбаса, өлкө башаламан башкаруунун алдында калып, кайсы бир орчундуу маселеге жооп берчүлөр табылбай калаары айкын болду. Жоопкерчиликсиздиктин айынан экономика начарлары, социалдык көйгөйлөр тоодой үйүлдү. Өлкө жоголуу коркунучуна кептелди.  Ага карабай Текебаев акыркы күчү менен өзү түзгөн мыйзамын коргоо аракетинде. Ал үчүн өлкөнүн келечеги эмес, өзүнүн кызыкчылыгы башкы орунда турат экен.

Коомчулук бүгүнкү көйгөйлөрдүн баарына Текебаевдин Конституциясы айыптуу экенин жакшы билет. Дагы деле кемчилигин жетишкендик катары көрсөтүүгө аракеттенип, көкүрөгүн койгулай бербей, өлкөнү өзү тыккан саздан чыгарууга башкаларга жардам берсе даанышмандыгы ошол болбойт беле.