Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага жана президенттикке ат салышып жаткан жалпы талапкерлерге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда коронавирустук инфекциянын коркунучунан улам шайлоо өнөктүгүндө бир катар чараларды сактоо зарылдыгы белгиленген.

“Урматтуу талапкерлер. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам жарандарды илдеттен сактоо үчүн, мен саясат талдоочу катары сиздерге үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнү сунуш кылам. Тагыраак айтканда, телеканалдар, радио, гезит басылмалары, интернет сайттары, социалдык тармактар өзүңүздөрдүн программаңыздарды элге жеткирүүгө өбөлгө болсун. Шайлоо жылдын суук мезгилине туш келди жана бүткүл дүйнө жүзүн күйгүлтүккө салган илдеттин тамыры кыркыла элек. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп баратканы маалым. Мындай учурда элди ар кандай жолугушууларга чогултуу алардын саламаттыгына кайдыгер кароону түшүндүрөт.

Анын үстүнө, үгүт иштерин ММКлар аркылуу жүргүзүүнүн дагы бир жакшы жагы – шайлоочулар кайсы бир талапкердин өкүлдөрү менен түз байланыш түзө албайт. Алардын программасын бетме бет укпайт, бул өз кезегинде добуштарды сатып алууга чектөө коет. Түз байланыш болбогон жерде соодалашуу да орун албайт.

Сунушумду туура кабыл алуу менен жыйынтык чыгараарыңарга үмүт кылам. ММКлар аркылуу үгүт жүргүзүү таза, ачык-айкын шайлоонун өтүшүн камсыз кылат”, - деп билдирет Бакыт Бакетаев.

Булак: "Майдан. kg" гезити