Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынында абактардагы адилетсиздикке кабылган жарандардын маселеси тууралуу айтып өттү.
"Мен камалгандан кийин бийлик менен соодалашуу жүрө баштады. Позициямдан кайтышымды талап кылышты. Мен макул болгон жокмун. Алты-жети ай өткөндөн кийин бир тууган эжем Райкүлдү СИЗО-1ге камап коюшту. Эч кандай себеби жок эле. Анан мага айттырышты: "Позицияңдан кайтсаң, эжеңди да, сени да чыгарабыз", - деп. Анда да көнгөн жокмун. 21 күн өткөндөн кийин эжемди камаган сот кайра өзү чечими менен абактан чыгарып койду. Куугунтукту жон терим менен сезгеним үчүн азыр эч кимди саясий куугунтукка албагыла деп жатам. Ырайым берүүгө президенттин милдетин аткаруучунун толук укугу бар, жакында бир топ адам абактардан бошотулат", - деди Жапаров.
Ал белгилегендей, абакта жаткан 3 жыл ичинде карапайым элден чыгып, адилетсиздиктен темир тор артына кеткен жүз чакты адамга жардам берген. Аларга акыйкатчыга, Жогорку Кеңешке кат жазууга жардам берип, эркиндикке чыгууларына себепчи болгон.
"Миңдеген балдар жөн жерден отурушат. Мен элге таанылган адам болгонум үчүн акыйкатсыз камалганым коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жатты. Мен сыяктуу жөн жерден отурган миңдеген балдар бар. Алардын баары карапайым калктын балдары, бир дагы аткаминердин баласы жок. Эмне себептен күнөөсүн күнөөлөнгөндөр көп? Мисалы, бир ички иштер башкармалыгында беш кызматкер иштейт дейли, анын үчөө кылмыштардын бетин ачышып, жыйынтык көрсөтүшөт. Ал эми экөө андай кыла алышпайт. Жетекчи экөөнө сын айтат, эмнеге силер кылмыштын бетин ача албай жатасыңар деген. Анан экөө чыгат да, жөн жүргөн бирөөнүн чөнтөгүнө бир зат сала коет же дагы бир жалаа жаба коюп, моюнуна алдырып туруп, кестирип жиберишет. Ошондуктан, мен азыр айтып жатам, жыйынтык дегенди жоюу керек деп. Тартип сакчылары элдин тынчтыгын камсыздап жатышат, кылмыштарды алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, мына ушул кылгандары үчүн айлык алышат. Кылмыш таап, аны ачуу сөзсүз түрдө шарт эмес", - деди президенттин милдетин аткаруучу.
Айтымында, учурда ырайым берүү комиссиясында 2000ге жакын соттолуучулардын арызы каралып жатат. Алар кош бойлуу аялдар, 3 жашка чейинки балдары менен чогуу мөөнөтүн өтөп жаткандар жана 3 жаштан ашкан балдары балдар үйүндө тарбияланып жаткандар. Арасында оор кылмыш кылгандар, киши өлтүргөндөр, рецидивисттер жана кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрү жок.