Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 100

Коронавирус боюнча күнүгө эки жолу маалымат алып жатам. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынында айтты. 

"Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү. Эгер бирөө орун жок деп айтса, ал калп. Көмүр запастары апрель-майга чейин жетет. Дары-дармектердин да 3-4 айга чейин жетчү запасы камдалган. Дагы да коңшу жана союздаш өлкөлөрдөн жардамдар келиши күтүлүүдө. Медиктердин саны аз, аны белгилеп коюшубуз керек. Алардын баары өкмөт убада кылган, бирок ушул убакка чейин төлөнбөй келген төлөмдөрүн бердик. Жалпысынан 300 миллион сом коротулду. Биздеги бир көйгөй - медицина кызматкерлеринин айлыгын кантип көтөрүп берсек болот деп ойлонуп жатабыз. 40 пайызга көтөрүп берсек деген план бар, бул кийинки жылдын бюджетинде каралышы керек. Бюджетке 2 миллиард сом кошумча каражат керектелет", - деди Жапаров.