Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 140

Таластагы "Жерүй" алтын кени 6-октябрдагы окуядан кийин жабыр тарткан. Кенди иштеткен компаниянын техникалары, имараттары өрттөлгөнү маалым. Бул боюнча Садыр Жапаров териштирүү иштери жүрөөрүн белгиледи. 

"Буга чейин кен байлыктарын иштетүүгө лицензия алган компаниялар иштөөсүн уланта берет. Жакында Ала-Бука, Чаткал райондорун кыдырып келдим, ал жакта алтын кендерин иштеткен ишканаларга каршы болгондор бар эле. Эл менен сүйлөшүп, аларды компаниялардын ишин улантуусуна макул кылдым. Таласка барсак "Жерүй" боюнча сүйлөшүү жүргүзөбүз. Азырынча, мурда лицензия алгандар иштей беришсин, андан кийин отуруп алып бир сыйра текшерүү жүргүзүп, ичинен текшерип, кандай болоорун чечебиз. Ал эми "Жерүй" кенинин мүлкүн өрттөө боюнча териштирүү жүрүп жатат, бул боюнча кийин маалымат беребиз", - деген Садыр Жапаров кен байлыктарын иштетүүдө маселени эл да, инвестор да ыраазы болгудай акыркы жыйынтыкка келишээрин белгиледи.