-Ак үйдү курчаган тосмонун алынганы туура эле болдубу?
-Ак үйдүн тосмосун алуу аздык кылат ! Тосмону эмес ичиндеги коррупцияны алыш керек ! 30 жылда Ак үйдүн ичи чирип кетти! Ак үй – кара үй болду, 3 төңкөрүш болуп, кан төгүлдү, кут качты. Эми Ак үйдү - ЭЛ ОРДО деп атын ырымдап оңдош керек. Анткени, Ак үй деп Американын Ак үйүнүн атын коюп алышкан, Америка болобуз деп. Эми Жогорку Кеңештин да атын өзгөртүп, УЛУТТУК УЛУУ КУРУЛТАЙ деп атоо керек! Ошондо кут конот, коррупция кетет, Кудай буюрса.
-Өмүрбек Бабановдун Садыр Жапаровду колдогону үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы?
-Бабанов ажолукка аттанса калган байлыгынан ажыраарын билет, ошон үчүн көнүп калган саясый соодалашууга өттү. Бийликке ким келбесин ошонун сөзүн сүйлөйт, соодалашат. Сооронбай Жээнбеков ажо болгондо Бабанов азыр качып жүрмөк. Ошон үчүн биякта жүргөнүнө Кудайга шүгүр деши керек! Элге рахмат айтышы керек. Төңкөрүш болбосо ажолукка коймок түгүл камакта отурмак. Дегеле, келечекте олигархтарды бийликке алып келбешибиз керек. Аларды бийликке алып келсек, өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн бириктирип алып, мамлекетти сызга отургузат. Себеби, бизнесте 10-15 жыл жүргөн адам өнөкөт, айыкпас “акчамания” деген оору менен ооруп калат. Тагыраагы, 6,5 миллион адамга товар сатсам, байысам деп эле акчасынын , пайдасын эсептеп, күнү-түнү, басса турса ойлоно берет.
Булак: “Майдан. kg” гезити