Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 197

-Ак үйдү курчаган  тосмонун алынганы туура эле болдубу?

-Ак үйдүн тосмосунун алынышы - бул символикалык жактан өтө маанилүү нерсе. Жаңы бийлик муну менен эл менен бир экенин билдирип, ортодо эч бир тосмо, бюрократия, тоскоолдук болбойт деген максатты көздөп аткандай. Албетте, бул колдоого алынаарлык жөрөлгө. Албетте, техникалык жагынан алганда тосмонун өзүн албай эле, 4 тарабындагы 8 дарбазаны деле толук алып койсо болмок. Бирок символика техникага караганда маанилүүрөөк деген чечим кабыл алынды окшойт. Эми  символиканын артынан реалдуу кадамдар болот деп ишенели. Чын эле бийлик элге жакын болуп, анын үнүн угуп, өз эли менен эриш -аркак болсо гана ийгиликтер жаралат. Бийлик эл тарапка кадам жасады! Эми эл да өз жоопкерчилигибизди сезишибиз керек! Бул өтө маанилүү. Эл кандай болсо, бийлик да ошого татыктуу болот.

-Өмүрбек Бабановдун  Садыр Жапаровду колдогону  үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы? 

-Бабанов  реалист жана прагматик саясатчы. Ошол үчүн бул кадамында чыныгы прагматизм да бар! Ошону менен бирге ал да өз мамлекетине ынтымак- ырашкерлик, туруктуулук жана өнүгүү кааларына мен терең ишенем. Чыгаан уул- кыздарыбызды сыйлап, көтөрүп алганды үйрөнүшүбүз абзел! Кечке эле бирибиздин артыбыздан бирибиз кубалап, кодулап, өч ала бергенден улут эч качан утпайт. Кечиримдүүлүк, кыйын кезде ички ынтымакты камсыз кылып, биригип, алдыга жыла алган улут гана тарыхта жакшы жагынан таанылат. Бабановдун да өз элине ак эмгегин арноого мүмкүнчүлүгү али алдыда... Саясий лидерлер өз элине өрнөк көрсөтүп турушу  керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити