Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 339

-Ак үйдү курчаган  тосмонун алынганы туура эле болдубу?

- Бул кыргыздын пассионардык касиетинин эле натыйжасы болду. Мен башынан эле тосмого каршы элем. Көчмөндүн мүнөзү ошондой! Тээ илгертен бери эле чеп куруп алгандарга каршы чыгып жүргөн элбиз! Менимче Ак үйдү парламентке эле берип коюш керек!

-Өмүрбек Бабановдун  Садыр Жапаровду колдогону  үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы? 

- Өмүрбек Бабанов жигитчилик кылды! Ал өзүнчө президенттикке барса 30% добуш алмак. Азыркы учурда кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган Садыр Жапаровдун  командасына кирип "Мен Жапаровду колдойм!"-  дегени -  чоң саясий эрдик. Садыр дагы туура түшүнүп, Өмүрбекти  өзүнүн кучагына алды.  Менимче, кыргыз элинин тагдырына күйүп, туура кадамга барышты.

Булак: “Майдан. kg” гезити