Элдин жүгүн мойнуна алган Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызын өзүбүздүн ресурстар менен төлөөгө белсенди. Жакында Садыр Жапаров “Region” телеканалына маек куруп, Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула аларына токтолду. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү караларын белгиледи.
Чиркин, акыры бир адам тышкы карызды өз күчүбүз менен кутулалы деп айтканга духу жетти. Болбосо буга чейинки келген ажонун баары алакан жайып, мамлекеттик бюджеттин чамасы чак экенин бетке кармап келишкен. Өлкөнүн тышкы карызынан кутулуунун башка жолдорун издөөнү ойлонуп да көрүшпөсө керек.
Элдин көйгөйүн чечүүгө жоопкерчиликти мойнума алам дегенден кийин мындай чоң-чоң маселелерге да батыл киришкени албетте колдоого аларлык.
Маекте Садыр Жапаров мамлекеттин тышкы карызынан кутулуунун жолдорун издештирип, өзүбүздүн эле ресурстарды пайдалануу менен карызды төлөө маселесин пландаштырганын билдирди. Ошондо да аны кеңешип-кесип, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилерин айтканы – “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сөзгө дал келип отурат.
Чындыгында эле азыры учурда Кыргызстандын тышкы карызынын 40%ы, башкача айтканда, өтө олуттуу карыз бул - Кытайдын карызы. Эки кишинин башы кошулуп, тышкы карыз талкууланып калса эле, “Кыргызстандын ушунча байлыгын жеп ичкендерди кустуруп, тышкы карызды төлөтүү керек. Ушунча алтыныбыз турат, башка байлыктарыбыз турат, анан башка өлкөлөргө карызбыз, ошолорду ырааттуу пайдалануу менен төлөп койсо болот да” деп ичтери күйгөн талкууларды баарыбыз угуп, көрүп эле жүрөбүз. Бирок буга маани берип, ушундай жолдорду караштырган бир да аткаминер чыккан эмес.
Муну менен Садыр Жапаровду баатыр кылып көрсөтүүдөн алысмын. Бирок тышкы карыздан кутуулуунун өзгөчө жолун, айрыкча, биздин ресурстар менен кутулуу жолун сунуштаган ажо же депутат же министр чыкты беле?