Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 138

Factcheck.kg сайты азыркы өткөөл кырдаалдагы Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун айтканын калп деп, өзүнчө бүтүм чыгарып, коомчулуктун башын айланта чагымчыл маалымат таратты.

Алар 2-3 күндөн бери өлкөнүн түштүк аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуп жүргөн Садыр Жапаровдун “буга чейинки президент Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын ыйгардым...” дегенин манипуляция катары баалап, экс-президент макамы мыйзам менен белгиленет, ал калп айтат деп тыянак чыгарышкан.

Албетте, баарына мыйзам менен чекит коюлары анык. Жана Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүү боюнча Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу катары Жарлык чыгарганы анык да. Же жалганбы? Же Президенттин Жарлыктары мыйзамсыз деген жаңы ченем барбы?

Ошол кезде коомдук-саясий абал курчуп турган маалда, ар кайсы саясий күчтөр менен абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү баарына эле маалым. Ошондой сүйлөшүүлөрдө айрым күчтөр Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор болгону дагы маалым. Мына ошолордун баары менен Садыр Жапаров башында турган саясий топ компромистик жол таап, абалды турукташтырууга салым кошконун кантип танабыз. Экс-президент макамын берүү маселеси оңунан чечилбесе окуя терс өнүгүп, дагы кагылышуулар болуп кетери толук мүмкүн эле да.

Анан ушинтип абалды турукташтыргандан кийин, аны кайра калп айтат деп сындоо - бери дегенде эле диванда жатып алып куру доомат коюп, элдин башын айландыруу. Чындап келсе, коомчулуктагы Садыр Жапаровдун күн сайын артып бараткан аброюн эптеп бирдемелерди жазып, түшүрүү аракети деп бааласа туура болот.