Бүгүн, 2-ноябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясына Асанов Бектур Жантороевич президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арызын тапшырды.
Асанов 1969-жылы 5-мартта төрөлгөн. Учурда убактылуу иштебейт.
Эскерте кетсек, буга чейин президенттикке 4 киши талапкерлигин көрсөткөн: Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов.
Булак: Кабар