«Фабула» гезитинин 3-майдагы санында, «президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроого Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов «ар нерсенин өз убагы бар. Президенттике аттанамбы аттанбаймбы аны убакыт көрсөтөт. Негизи президенттикке өзүмдү сынап көрсөмбү деген оюм бар» деп билдирген гезитке берген маегинде.
 
- Мелис мырза, учурда: «өлкөнүн тынчтыгын каалабаган айрым өзбек сепаратисттери кайрадан баш көтөрүп жатат» деген кептер жүрүүдө. Деги эле, ушу тапта Ош облусунда кырдаал кандай?
 
- Облуста былтыркыга салыштырмалуу саясий абал туруктуу. 2011-жылды «Достуктун улут аралык мамиленин жылы» деп белгилегенбиз. Биздин эң негизги максатыбыз – Ош шаарында туруктуулукту камсыз кылып, эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдөө. Ошондой эле, ар кандай чагымчы күчтөрдүн иш-аракетине жол бербөөнүн үстүндө иш алпарып жатабыз. Ал эми «сепартисттер баш көтөрүп жатат» деген жалган сөз.
 
- Жакында жарык кыргыз элин былтыркы коогалаңга ачыктан-ачык күнөөлөгөн «Чөөнүн сааты» аттуу китеп көп нускада жарыкка чыкпадыбы. Мына ушул чуулгандуу китеп боюнча эмнелерди айта аласыз?
 
- Бул китеп Кыргызстанда тынчтыкты каалабаган, өлкөгө жаңжалдын уругун себем деген айрым күчтөрдүн буйругу менен жарык көргөн китеп деп эсептейм. Алар кайсы күчтөр экендигин мен так айта албайм. Бул китеп эки улуттун ортосунда нааразычылыктарды жаратып жатат. Аталган китепти коомчулукка жайылтпоонун аракетин көрүп жатабыз.
 
- Президенттик шайлоого катышасызбы?
 
- Ар нерсенин өз убагы бар. Президенттике аттанамбы аттанбаймбы аны убакыт көрсөтөт. Негизи президенттикке өзүмдү сынап көрсөмбү деген оюм бар. «А. Атамбаев М. Мырзакматовдон президенттикке шайлоого колдоо сураптыр»- деген маалымат эч кандай чындыкка коошпойт. Мындай сөз болгон эмес. А. Атамбаевди мен жөн гана өкмөт башчысы катары сыйлайм.
 
- «Губернатор Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси келишпейт экен» деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
 
- Губернаторго баш ийбегеним чындык. Ош облусунда губернатор өзүнчө иш кылат, мен өзүмчө иш кылам. Мен чарбачыл киши болгондуктан, саясый иштерге кийлигишпейм. Парламенттеги талаш-тартыш маселелерге дагы башымды ооруткум келбейт. Эң негизгиси мага Ош шаары тынч болуп, эл бейпил турмушта жашаса болду. Айрым депутаттар мамлекеттин бүтүндүгүн ойлобой өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлоп, ар кандай саясый оюндарга жол берип жатышат.
 
- Сизди «Бакиевдер менен байланышы бар»- деп байма-бай айтылган сөздөргө кандай карайсыз? Себеби «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт»-деген таасын сөз бар эмеспи…
 
- Бакиевдер менен кимдер гана байланышпаган? Президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы А. Атамбаев, төрага Акматбек Келдибеков, депутат Камчыбек Ташиев ж.б. бардыгы байланышта болгон. Губернатор Сооронбай Жээнбеков өзү эле эмес, тууган-уругунан бери Бакиев менен байланышта болгон. «Бакиев менен мамилелеш болгон жокмун» - деп кимиси актана алат. Эч кимиси актана албайт. Жаман да болсо Бакиев менен бир жыл эки ай бирге иштештим. Ал киши экөөбүз жакшы байланышта болгонбуз. 7-апрелде Ошко келгенде тосуп алганым чындык. Жалал-Абадга узатып койгонум да чындык. Ош шаарына кимиси келбесин тосуп алууга даярмын. Ал эми азыр мени «Бакиевдер менен байланышып жүрөт» - деген сөздөрдү саясый оппоненттеримдин эле чыгарган ушагы деп эсептейм.
Фабула