Саясатчылардын, коомдук-саясий ишмерлердин, эксперттердин, коомчулук өкүлдөрүнүн жолугушууларын жүргүзүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети данакерлик милдетин аткаруу максатында "Мекен бизде бирөө гана" аттуу "Улуттук диалог" тегерек столуна чакырат.
Чакырылгандар: Саясатчылар, саясий партиянын жетекчилери, депутаттар, коомдук жана саясий ишмерлер, саясат таануучулар, юристтер, активисттер жана журналисттер.
Анткени өлкөдөгү коомдук-саясий абал барган сайын кооптуу болуп баратат. Жаңы бийлик Парламенттин колдоосу менен шайлоону кийинкиге жылдырып, Конституциялык реформаны баштоого ниеттенип жатса, экинчи тарап шайлоону 20-декабрь 2020-жылы өткөрүп, андан кийин реформаны өткөрүүнү айтып, түрдүү акциялар менен чыга баштады.
Мындан тышкары, кээ бир саясатчылар, партиянын жетекчилери “Конституцияны реформа кылуу жана Парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча кабыл алынган мыйзам туура эмес алынып, Конституция одоно бузулуп жатат” деген пикирди карманышып, Жапаров Садыр баштаган бийликти сындашууда...
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнүн бүтүп жатканы дагы коомчулуктун ичинде кызуу талаш-тартыш жаратууда. Бул боюнча да коомдук талкуу учурдун талабы болууда.
Дагы да көйгөйлүү темалар коомчулуктун арасында көбөйүп, түрдүү талкууларга жем таштап жатат.
Мына ушундай кырдаалда коомдогу прогрессивдүү күчтөр саясатчылар, элге башы көрүнгөн инсандар чогулуп, түзүлгөн бул саясий абалды талкуулап, ага баа берип, бул абалдан чыгуунун жолдорун издөөгө аракет кылуусу зарыл.
Коомдогу чыккан татаал маселелер талкуу, кеңешүү жолу менен жолго салынышы керек экендиги учурдун талабы.
Улуттук диалогдун ишин, бул иш-чаранын демилгечилеринин бири белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун алып барат.
Тегерек столдун башындагы алгачкы сөз Премьер-Министрдин расмий өкүлүнө берилет. Ал каралуучу маселелер боюнча Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун позициясын билдирет.
Тегерек столдо төмөндөгүдөй маселелер каралат:
1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент жакында кол койгон Конституциялык реформа кылуу жана Парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзам тууралуу талкуулоо. Анткени, бул мыйзам тууралуу түрдүү кайчы пикирлер айтылууда.
Анткени анын мыйзамдуулугу тууралуу күмөн ойлор айтылууда.
Докладчы: Саясат талдоочу эксперт Марс Сариев
2. Эгерде Президенттин милдетин аткаруучу Премьер-Министр Садыр Жапаров 10-январь 2021-жылы өтүүчү Президенттик шайлоого катыша турган болсо, анда Президенттин милдетин аткаруу кимге берилип, Премьердин милдетин ким аткарат? Мындай учурда өлкөдөгү саясий абал кандай нукта өнүгөт?
Докладчы: Саясий жана коомдук ишмер, өлкөнүн мурдагы Вице-Президенти жана Премьер-Министри Феликс Кулов.
3. 2015-жылы шайланган азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтү тууралуу талкуу. Бул боюнча да эки кайчы пикир айтылууда. Булар тууралуу толук маалыматты мыйзамдын негизинде берүү учурдун талабы.
Докладчы: Өмүрбек Текебаев - Жогорку Кеңештин депутаты.
Тегерек стол 31-октябрда, саат 11:00 де Парк-Отель мейманканасында өтөт