Журналист, бир нече жыл алып баруучулук кесипти аркалаган, кийинчерээк дин жолуна түшкөн Мыктыбек Арстанбек президенттик шайлоого талапкер катары катталышы мүмкүн. Бул тууралуу жарандык активист Руслан Бекназаров соцтармактагы баракчасына жазды.
"Президенттик шайлоо келе жатат. Мага жеткен маалыматка ылайык, "БЭК (Бириккен элдик кыймылы)" саясий партиясы жарышка Мыктыбек Арстанбек ажыны сүрөйлү деп жатышыптыр (бул идеяны силер биринчи уктуңар, өзү али кабардар эмес). Өзү менен макулдашкан соң, колдоо штабы түзүлөт экен", - деп жазды ал.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Учурда өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аркалап жатат. Президенттик шайлоо күнү азырынча белгилене элек.