Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеси талкууланды. Сулайманов үч нерсеге өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган: шайлоо босого чегин 3-5 пайызга чейин ылдыйлатуу, күрөөнү 1 миллион сомго жеткирүү жана форма №2ни жокко чыгаруу.
Бирок депутаттар анын демилгесин жабыла колдой беришпеди. Айрымдар депутаттардын санын азайтуу керектигине басым жасашты. Буга ачууланган Алтынбек Сулайманов 6-октябрдагы митингде жаштар депутаттарды кошо кубалабаганына кейип алды.
"120 депутат болуп эле отурбадыңар беле. 5 жыл бою бири бириңерди мактап, жактап, кошоматчылыктын коюн жакшы эле сойдуңар го. Эми гана өзүңөрдүн ишмердүүлүгүнөр бүткөн чакта 120 көп көрүнүп калдыбы? Бул башка маселе, аны кое тургула. Мен сунуштаган 3 өзгөрүүнү кабыл алып бергиле. Кечээги болгон окуя бизге сабак болбоптур. Жаштар 120бызды кошуп кубаласа болмок экен. Бизде Абил бийлер көбөйдү, "Сынган кылычтагы" Абил бийлер. 4-5 президенттин башын жеген Абил бийлер дагы да жол ачып берет, эч нерсе болбойт, боло берет деген кеңештери менен жарга кептеп жатышат. Бул оор иш, эртең баарыбыз жооп беребиз, эл бизден сурайт", - деди депутат.