Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 129

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл.

Ушу тапта шайлоо мыйзамдарын озгөртү маселеси талкууланып жатат.

Булак: Азаттык