Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 268

“Адамдардын хамелеондой өзгөргөнүн байкадым”, - деди коомдук ишмер Нургазы Анаркулов КТРКнын түз эфиринде Кыргызстандагы кырдаал тууралуу ой жүгүртүп жатып.

“Бүгүнкү депутаттар жана сайрап жаткан саясатчылар кечээ Сооронбай Шариповичти мактап жүрүшкөн. Ал киши кызматтан кетээри артынан биринчи болуп сын айтып чыгышты. Менин пикирим, кандай болгондо да кеткен адамды жамандабайлы. Сооронбай Шариповичтин үч жыл ичинде аткарган көп жакшы иштери бар, аны жокко чыгарбашыбыз керек. Тарыхта орду бар инсан. Азыркы кырдаалдагы чечими, позициясы – баатырдыкка тете. Бул киши элине, мекенине күйбөсө бийликке жармашмак. Жармашса эмне болот эле? Эл кырылышмак, жарандык согуш чыгып кетүүсү да мүмкүн эле. Ал жеке амбициясынан мамлекет тагдырын жогору койду”, - деди Нургазы Анаркулов.