Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 168

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо күнү ар кандай мыйзам бузууларга эч кандай реакция жасаган жок. Бул тууралуу коомдук ишмер  Нургазы Анаркулов КТРКнын түз эфиринде билдирди.

“Мен БШКнын ишмердүүлүгүн өтө начар деп эсептейм. 4-октябрь, шайлоо күнү мыйзам бузуулар көз көрүнөө болуп жатты. Көптөгөн мыйзам бузуулардын видео-фото отчеттору соцтармактарга тарады. Бирок БШК бир да реакция кылган жок. Менимче, элди акчага сатып алып жаткандар шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекованын да оозун жаап койсо керек”, - деди Нургазы Анаркулов.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамынын алдыда боло турчу шайлоолорду өткөрүүгө моралдык укугу жок деп эсептейт.

“Кайра эле азыркы курам шайлоо өткөрсө, эртең да бүгүнкү картина чыкпайт деген кепилдик жок”, - деп кошумчалады.