Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 210

Мурдагы президентке коомчулук "Сиздин түбүңүзгө Райымбек Матраимов жетет" деп эскертүү жасашкан. Бирок тилекке каршы, Сооронбай Жээнбеков ага көңүл бурбады. Бул тууралуу коомдук ишмер Нургазы Анаркулов КТРКнын түз эфиринде билдирди. 

"Бул кырдаал эмнеден жаралды? Ыпылас шайлоонун айынан. Үч партия: "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Кыргызстан" партияларынын элдин добушун массалык түрдө сатып алганынын кесепети ушуга алып келди. Элдин нааразычылыгы абдан күчтүү болду. Коомчулук шайлоого чейин эле Сооронбай Жээнбековго эскерткен: "Райымбек Матраимов сиздин чекеңизге чыккан чыйкан болот. Ага тезинен чара көрүңүз", - деп. Бирок президент ага көңүл бурбады. Шайлоодогу мыйзам бузуулар Райымбек Матраимовдун айынан болгону да белгилүү. Алар элди акчага сатып алып, эптеп парламентке келип алсак, коррупциялык иштерибизди улантабыз деген ойго берилишти", - деди Нургазы Анаркулов. 

Ошондой эле, ал кыргыз элинин акыйкатсыздык тебеленген жерде көз жумуп кое албаган сапатына  баа берди.