Депутат Аида Касымалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кадыры жалпы журт алдында бийик экенин белгиледи.
"Эл сиздин кадырыңызды билип, кеткениңизге кайгырышты. Кадырыңыз калың журттун жүрөгүндө экен. Атайылап жасалган кара пиар сизге жукпаптыр. Мүмкүн сиздин бүгүн кубанып жаткан душмандарыңыз эртең кайгырышат. Анын баарын убакыт ордуна коет. Айкөлдүгүңүз, сынды көтөрө билгениңиз, өз кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон чыныгы мамлекеттик ишмер экендигиңизди баса белгилегим келет. Чыныгы адамдын жолунда кандай кыйынчылык жаралбасын, аны Кудай өзү сактайт. Бийлик, байлык колдун кири экенине, адамдык сапатыңыз бийик экенине эл ынанды. Сиздин айткан: "Бир адам үчүн саткын аталууга ыраазымын, эл кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай сактасын", - деген сөзүңүз эсибизде калды", - деди Аида Касымалиева мурдагы президентке кайрылып.