"Шайлоо өткөрүүнүн алдында кемчиликтерди оңдош керек", - деди Өмүрбек Текебаев "Ала Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында.
"Шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек. Бул карапайым, жаш партиялардын парламентке келишине жол ачат. Бул бүгүнкү күндүн талабы, көчөдө тургандар да ушуну талап кылып жатышат. Бүгүнкү күн жаңыланууга чакырып турат. Бүгүн президенти, өкмөтү, парламенти да жок акыбалдабыз, убактылуу бийлик менен жашап жатабыз. Парламенттик жана президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Биринчиден акча каражатын үнөмдөйбүз, экинчиден саясий стабилдүүлүктүн тезирээк орношуна жетишебиз", - деди Текебаев.
Ошондой эле, ал президенттик шайлоого президенттин милдетин аткаруучу, тагыраак айтканда Садыр Жапаров катыша албай турганын белгиледи. Айтымында, буга мыйзам жол бербейт.
"Сиздин досуңуз президенттик шайлоого катышса, шайлоо акыйкат өттү деп эч ким айта албайт", - деген Текебаев Жапаровдун жанындагы жакындары да шайлоого катышуудан баш тартышы керектигин кыйытты.