Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 160

“Эбегейсиз бийлик сиздин колуңузга тийди, Садыр Нургожович, мындай тарыхта болгон эмес. Бирок сизге суктанбайм, бул өтө чоң жоопкерчилик. Эл кереметти күтүп жатат. Сиз ошону аткарышыңыз керек. Биз да сиздин ойлогон ойлоруңузду, реформаларды ишке ашырууңузга идеалдуу шарт түзүп берели. Өкмөттүн даяр программасы жана иштөөгө ниети болсо 100 күндө көп иштерди аткарып коет, аяктабаса да баштап коет. 100 күндө иш жасай албаса, андан кийин да жасай албайт деген дүйнөлүк практика бар”, - деди Өмүрбек Текебаев.

Ошондой эле, ал мамлекеттик бийликке келгендердин тагдырындагы  анын айланасындагы адамдардын ролу тууралуу айтты:

“Улуу Наполеон Кудайдан: “Мени досторумдан сакта, душмандарым менен өзүм эсептешип алам”, - деп суранчу экен.  Камчыбек Ташиев тууралуу айта кетпесем болбойт, ал досун түрмөдөн гана бошотпостон, саясий чокуга чыгарды. Достуктун улуу үлгүсүн көрсөттү. Азыр экөө кайда болбосун эгиз козудай ээрчишип жүрүшөт. Союз убагында госсекретарь деген болоор эле. Мен достукту "доссекретарь" деп атайын. Госту алмаштыра аласың, а доссекретардан кутула албайсың. Акаевдин убагында бийликти бир колго топтошуп, бирок анын үзүрүн эл эмес, жакындары, достору көргөн. Аны жарга түрткөн да достору болгон. Бул сизге, Садыр Нургожоевич жана сиздин айланаңыздагы ишенген командаңыз үчүн чоң  сабак болууга тийиш. Камчыбек Кадыршаевич, сиздин жоопкерчилик тарых алдында Садыр Жапаровдукунан кем эмес, анда да жогору”, - деди Текебаев.