Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

"6-октябрдагы окуяларды турукташтырууга аракет жасабай, баарыбыз үйүбүздү жатып алганда бүгүн минтип отурбайт элек", - деди премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында. 

"Мародерчулукка жеткирбей, басып алууга жол бербей, эл тынчтыгын сактап калдык. Мамлекетти үчүнчү жолу төңкөрүш болду деген сөзгө калбай, мыйзам жолунда бийлик алмашып жатканына ыраазы болушубуз керек. Мага жүктөлгөн бардык милдеттерди аткарууга, ички жана тышкы саясатты өз нугунда жүргүзүүгө убада берем", - деди президенттин милдетин аткаруучу болгон премьер-министр.