Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 216

Эртең, 16-октябрда Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын тынч митинги болоорун уюштуруучулар билдиришти. 

Маалыматка караганда, колдоо митинги саат 14.00дө Жеңиш паркында болот. 

Уюштуруучулар соцтармактарга билдирүү таратышып, Сооронбай Жээнбековду колдоочулардын баары келип берүүсүн өтүнүшкөн. 

"Сооронбай Жээнбековду колдогон жана колдоп жаткандар, эртең Түштүк дарбазада жолугабыз, өз элинин тынчтыгы, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн акыр аягына чейин турган президентке колдоо көрсөтөлү", - деген алар келгендер президенттин сүрөттөрүн, ага жылуу сөз жазылган плакаттарды ала келишин да суранышкан.