Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

Канат Исаев президенттин милдетин алуудан баш тартканын маалымат каражаттарына билдирди. 

"Бүгүн бул боюнча арызга кол койдум. Өлкөдө түзүлгөн коомдук -саясий кырдаалдан улам мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органынын алдында башкы милдет - стабилдүүлүктү камсыздоо болуп турат. Ошондуктан мен Жогорку Кеңештеги ушул аракетке бүт күчүмдү жумшоону чечтим. Анын үстүнө, парламенттин 6-чакырылышынын мөөнөтү аяктап калганына байланыштуу мен үчүн президенттин милдетин алуу мүмкүн эмес деп эсептейм", - деген Канат Исаев. 

Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетүү тууралуу арызын бүгүн жазган. Конституцияга ылайык, жаңы президент шайлангыча анын милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек болчу.