Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 204

 Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Сооронбай Жээнбековдун оставкага кетүү чечимин эмоционалдык критерийге таянып, баалоого мүмкүн эместигин билдирген. Бул тууралуу РБК жазып чыкты. 

Аталган маалымат агенттик маалымат катчыга Кыргызстандын президентинин бийликтен кетүү чечими алсыздыкпы, жоопкерчиликтүүлүкпү деген суроо узаткан. 

"Болуп жаткан окуяларды конституциялык нукка салууга жана стабилдүүлүккө өбөлгө болуучу ар кандай аракеттер жардам берет. Москва Кыргызстандагы кырдаал жакын арада жөнгө салынат деп үмүттөнөт. Кремль Кыргызстандагы ким менен диалог жүргүзөөрүн азырынча бир жактуу айтуу кыйын", - деген Песков. 

 Ошондой эле, Кыргызстанга ар кандай каржылык колдоолорду көрсөтүү убактылуу токтотулганын, өлкөдө өкмөт жоктугу менен байланыштырган.