Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо үчүн Жогорку Кеңеш ушуну менен үчүнчү жолу чогулуп жатат. Бүгүн, 14-октябрда "Ала Арча" резиденциясында болуп жаткан жыйынга 83 депутат катышууда, дагы 8 депутат ишеним кат беришкен. Депутат Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун маселесин караган ЖКнын 6-октябрдагы да, 10-октябрдагы да жыйынында кворум болгон деп эсептейт.
"Революция бизде үчүнчү жолу болуп жатат. Улам-улам процедуралык суроо-талапка такала бербей, бийлик башындагылар интрига кыла бербей, баарын орду ордуна кое турган учур келди. Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы да, 10-октябрдагы да жыйынында кворум болгон. Элге тынчтык керек. Ал үчүн биринчи кезекте президент, 6сында, 10унда, анан бүгүн да дайындалып жаткан премьер-министр жана спикер жоопкерчиликти алууга тийиш. Булар саясатка аралашпай элге тынчтыкты камсыздап, бүт күчтөрүн өлкөнүн алдыга жылуусуна жумшашы зарыл. Парламенттик шайлоодо бийликтин үч бутагы тең шайлоо иштерине аралашып, саясатташып кеткенинен, элдин каалоосуна койбогонунан ушундай чыр-чатак болду", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле, ал өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү начардыгын белгилеп, эртерээк экономикалык маселелерди колго алуу зарыл дейт.
"Пандемияга чейин эле быйыл 33 миллиард сом киреше болбойт деген көрсөткүч болгон. Бирок ага карабай чыгашанын баарын жасай бердик. Эми пенсия, пособие бериш керек, бюджетке караган кызматкерлердин айлык акысы бар, медиктердин суроо-талаптарын аткарчу учур келди. Кышты айтпай эле коеюн, жыл сайын эле кышкы мезгилди тосуп алып атабыз. Ковиддин экинчи толкунуна даярданууну да ойлонуу керек. Ошондуктан, саясий интригадан алыстап, элди тынчтандырыш керек. Жеке жоопкерчилик президентте, өкмөт башчыда жана спикерде. Алар элди тынчтандырып, анан экономикалы кризистен өлкөнү чыгарууга аракеттениши керек. Премьер-министр ар бир жумушчу оруну үчүн жан күйгүзүп, ар бир адамды ковидден сактайм деп жанталашуусу зарыл. Элге жумуш оруну керек, коопсуздук керек. Тынчтыкты президент эки бийлик бутагы менен чогуу камсыздоосу шарт. Кийинки шайлоодо өткөн шайлоодогу кетирилген кемчиликтер жоюулушу зарыл", - деди депутат.
Аны менен катар азыр талашып-тартышып отура турган убак эместигин, өлкө келечеги үчүн жалпы аракетке өтүү зарылдыгы жаралгандыгына токтолду:
"Өзүңөр билесиңер, залда 17 киши отурса, 92 киши бар, кворум бар деп коюп беш жылдан бери иштеп келбедикпи. Эми болоор иш болду, мындан ары кемчилик кетирбейли деп баарыбыз, бийлик бутактагындагылар элден кечирим сурап, андан ары кадам ташташыбыз керек. Чукуй берсек, чыга берет. Мыйзам эмес, процедуралык маселелерди талашып, ар кандай саясий күчтөр ушул жаатта өз саясаттарын жүргүзүүгө жанталашып жатышат. Ага парламент жол бербей, мыйзамдуу нукка түшүрүшүбүз керек", - деди Акылбек Жапаров.