Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

Бүгүн, 14-октябрда "Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны болду. Күн тартибинде өкмөт башчыны жана өкмөт курамын дайындоо маселеси каралды. Анда маалым болгондой, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция сунуштаган. 

Жыйынга 83 депутат катышты, он чакты депутат ишеним кат бергени жарыяланды. Жыйынтыгында, депутаттар Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. 

Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка депутаттар тарабынан ушуну менен үчүнчү жолу дайындалып жатат. Биринчи жолу 6-октябрда "Достук" отелинде ЖК депутаттары чогулуп, бекитишкен. Бирок ал жыйын кийинчерээк мыйзамсыз деп табылган, анткени кворум болбогонун айтып чыгышкан. 10-октябрда "Ала Арча" резиденциясында депутаттар кайра чогулушуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин караган. Бирок ал жыйында да 51 депутат катышып, он депутат ишеним кат бергендиктен, кворум болушу үчүн залда отурган депутаттардын саны 61ден ашуун болушу зарылдыгы айтылган. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин өкмөт башчыны бекитүү боюнча токтомун кайра артка кайтарган. Ал мындай чечимин "бардык аракеттерди мыйзамга ылайыктайлы" деп түшүндүргөн.