Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 138

Жогорку Кеңешке жаңы гана спикер болуп шайланган Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Садыр Жапаровду легитимдүү өкмөт башчы катары тааныбай турганын белгиледи. 

"Төрагалык кылуу -  Жогорку Кеңештин жыйынын алып баруучу гана кызмат. Бардык маселелер боюнча парламент жалпы жыйында чечим кабыл алат. Садыр Жапаров боюнча талаш-тартыш, кайчы пикирлер бар. Жалпы палата бул жаатта бир пикирге келиши керек. Балким, ошол эле талапкерди мыйзамдаштырып, күмөн жаратпай тургандай легитимдүү өкмөт башчыга айлантабыз. Бул пикирди айрым кесиптештерим айтып кетти, мүмкүн ошондой болот", - деди. 

Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун учурда президенттик кызматында калуусун колдой турганын билдирди.