Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 138

"5-октябрда түйүнчөгүн түйүп, кайсы чет өлкөгө качаарын билбей калган айрым кесиптештеримдин үнү бүгүн жоон чыгып жатканына таң калып турам", - деди Жанар Акаев "Ала Арча" резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында. 

Ал Алтынбек Сулаймановдун шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесин колдоду. Шайлоонун босого чегин 3 пайызга, күрөө суммасын 1 миллион сомго азайтуу буга чейин парламентке келбеген башка партияларга да мүмкүнчүлүк ачаарын белгиледи.