Президент Сооронбай Жээнбековго ким каршы чыкса, ал Кыргызстанга каршы чыкканы. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев "Ала Арча" резиденциясында болуп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал өлкөдө легитимдүү президент, легитимдүү спикер бардыгын белгиледи жана легитимсиз өкмөт башчынын ордуна башка талапкерди мыйзамдуу шайлап алуу керектигин белгиледи.
"Бизде Кыргызстанда оппозиция жок. Баарыбыз бир курамдабыз. Оппозиция - сырткы күчтөр жана аларга жагалданып, каражат сураган өзүбүздүкүлөр. Кыргыз эли, кечирип койгула, ушундай кырдаалга алып келдик. Эми баарыбыз биригип, 3 айга саясий окуяларга мониторинг жарыялайлы. Биз азыр бир кадам алдыга жылдык, укуктук талаага келдик. Эми эртеңден баштап иштеп, кризистен чыгуунун жолдорун иштеп чыгалы", - деди Иманалиев.
Ошондой эле, ал шайлоодогу бир катар мыйзамсыз жагдайларга токтолду:
"Шайлоого эки күн калганда криминалдар иштеп башташат. Кайсы партия криминалдарды, аким, райондук милицияларды шайлоого тартса, ошол жазасыз калбашы зарыл. Акча тараткандар кармалса, кайсы партия болсо биринчисинде эскертүү алсын, экинчисинде лидер кетсин, үчүнчүсүндө партия алынсын. Биз өткөндөн ачуу сабак алдык, туура жыйынтык чыгаралы. Бири бирибизди күнөөлөбөйлү, биз бир элбиз, бир мамлекетпиз", - деди ал.