Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 114

Спикерликке талапкер Канатбек Исаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Ал өлкө тагдырында парламенттин орду бийик экенин, укуктук талаага кирүүдө башкы ролду ойноорун белгиледи. 

Ошондой эле, спикер болуп калса, парламенттин ишмердүүлүгүн мурдагы жол боюнча улантаарын айтты. 

"Бардык ызы-чуу шайлоодон башталды. Шайлоого жакын балким мыйзамдарга өзгөртүү киргизип калабызбы. Өткөндөн сабак алышыбыз керек", -деди. 

Ал журналисттин: "Элдин нааразычылыгын жараткан жагдай "Кыргызстан" партиясына да тийиштүү болду. Сиз кайра шайлоого барам деп жатасыз, дагы эл толкуп чыкса, жоопкерчиликти ала аласызбы?" - деген суроосуна, "Кыргызстан" менен оппозициячыл партия "Бүтүн Кыргызстандын" алган добушунун айырмасы 1,5 пайыз гана болду. Биз бийликчил партия болсок, көп добуш алат болчубуз да", - деп жооп берди. 

Ошондой эле, ал президент мөөнөтүнүн соңуна чейин иштеши керектигин белгиледи. 

"Жогорку Кеңештин спикери президенттин милдетин аткаруучу болсун деп жатышат. Бирок мөөнөтү бүтүп бараткан парламенттин төрагасы президенттик кызматты да аткарганда толук кандуу болбой калат", - деди ал.