Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 128


Депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин Садыр Жапаров боюнча кабыл алган чечимин легитимдүү эмес деп жарыялап, өзүн туура эмес жактан көрсөтүп алды. Бул тууралуу саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирген. 

Саясат талдоочунун пикиринде, Касымалиева өзү да  Жогорку Кеңштин регламентинин бир катар беренелерин бузган. Ал беренелер төмөнкүлөр:

"144-берене.

1-пункт -  "Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өз ыйгарым укуктарын аткарып жатып жеке жана коомдук кагылыштардан  качууга милдеттүү (андан ары кызыкчылыктардын кагылышынан).

2-пункт - "Кызыкчылыктардын кагылышы жаралса, депутат өзүн депутаттык этика Кодексине ылайык алып жүрүшү керек. Депутат анын адилеттүүлүгү коомчулукта шектенүү жаратпай турган кадамдарга барышы керек, коомчулук да анын адилеттүүлүгүнө ишенгидей болсун".

3-пункт -"Ар кандай маселелер каралып башталганга чейин же ал Жогорку Кеңештин, комитеттин, депутаттык комиссиянын жыйынында каралып жатканда бул маселеге жеке кызыкчылыгы бар депутат кызыкчылыктар кагылышы тууралуу жыйындын төрагасын кабардар кылып, андан аркы талкуудан жана добуш берүүдөн четтеши керек". 

"Ошол эле регламентке ылайык депутат ушундай оор кырдаалда эл алдында жана өзүнүн шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликтүү. Кворум тууралуу талаша турган жагдайлар көп. Жыйынга калгандары катышпай, бирок ишеним кат беришкен болсо, анда чечим юридикалык күчкө ээ болот. Анткени, депутаттардын катышпай калганынын себеби айкын - коркутуу, аңдуу, оору жана башка фарс-мажорлор. Кандай болсо да мыйзам алдын ала регламент боюнча комитетти телефонограмма аркылуу кабардар кылып, ишеним кат аркылуу добуш берүүгө жол берет", - деди Бакыт Бакетаев.