Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

"Аида Касымалиева, ким сени коркутуп атса ачык чыгар. Бирок, өзүңдүн кир оюндарыңа мени аралаштырып, жалган жалаа жаппа! Куйтулуктун да чеги болот. Мен сени коркутмак тургай, сүйлөшкөн да эмесмин. Резиденцияда өзүң келип учурашкансың. "Достукка" чакырдың, бардым, ошо жерде да сен, Мыктыбек Юсупович, Камчыбек Ташиев үчөөң кичинекей бөлмөдө отургансың. Кол коюп чыгып кеттим. Депутаттар чогулгуча ошо жерден "мен чоңмун" дегендей каада көрсөтүп эле отурду элең го. Сенин текебер мүнөзүңдү баарыбыз эле билебиз. "Азаттыкта" коллегаларың сен жөнүндө терс пикир айтса сага болушчумун. Көрсө, чын экен да...

... Мага жалган жалаа жаппа!!!

... Сен эне болсоң мен да энемин, сенде бир кыз болсо, менин төрт кызым, бир уулум бар.

... "Коркутту" деп өз кадыр-баркыңды жөн эле көтөрө бербе. ФБда сени жазып сөккөндөр, мени деле сөгүп атат, ага териккен, корккон жокмун. Крим дүйнөнүн чыныгы адамдары аялдар менен кармашпайт, ошону бил. Бирөө тамашалап койсо керек сени эрмектеп. Кумурсканы пил кылба ...

... Мен сага окшоп жасалма сүйлөбөйм, эл алдында атайы оңдонуп. Сөкчүнү сөгүп, тепчүнү тээп эле коём.

... Айтмакчы "троллейбус менен жүрөм" деп жаныңды жегенде биз, коллегалар айраң таң калганбыз. Уял.

... Вице-спикер болуп мамлекеттин машинасында жүрүп, өзүң троллейбуска түшүп, сүрөткө тартып чыгарганыңда эле түңүлгөм. Мамлекеттин акчасы менен Ошко канча жолу учканыңды да унутпа ээ!" - деп жазды депутат Жылдыз Мусабекова соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, 10-октябрда "Ала Арча" резиденциясына ЖК депутаттары чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитишкен. Айрым депутаттар жыйынга атайын барбай коюшканы кийинчерээк алардын: "Кворум болгон жок, демек Жапаровдун дайындалуусу мыйзамсыз", - деп кыйкырып чыкканынан билинди. Аида Касымалиева алгач Садыр Жапаровду колдоп, "Достук" отелинде өткөн жыйында добуш бергенин билдирген. Бирок кийин позициясы өзгөрүп, Жапаровду колдобой турганын жана ал мыйзамдуу премьер-министр эместигин айта баштады. Аны менен катар кримдүйнөсүнүн өкүлдөрүнөн коркутуу алганын да белгилеген.