Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 144

Эл! Көрүп ал, силер ээрчип, укуктук башаламандык кылган адамдар өлкөнүн тагдырына күйгөн улуттук деңгээлдеги саясатчылар эмес! Алар регионалисттик идеяларга чылк сугарылган, тар кызыкчылыктагы келемиштер!

"Жаңы муун, жаштар" деп үмүт арткан "Реформа" партиясынын лидерлери да кыйчалыш учур келгенде ошондой мүдөөнү тандайт. Клара Сооронкулова баштаган бир топтору шайлоодо кыйкырган идеяларын жыйыштырып коюп, бул катарда турат.

"Кардиналдуу реформаларды жасайбыз, өлкөнү алдыга жылдырабыз" деген "Республика" партиясынын лидерлери да регионалисттер. Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Алтынай Өмүрбековалар ыңгайлуу учурду көзү кызара күткөндөр.

"Калыс, элдик саясат жасайбыз" деген "Замандаш" партиясынын лидерлери да өз учурун күткөн чөөлөр. Жеңиш Молдокматов кырдаалдан пайдаланып маскасын алмаштырган эки жүздүү.

Ар кайсы партияга кирип алып бийликке жутунган башкалар да канында жердешчилик ойноп турганын көрдүңөр. Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков сыяктуулар да ичинен былгыган сасыткылар.

Булардын башкы максаты бийликти башка региондон өз регионунун балдарына алып берүү экен.

Сооронбай Жээнбеков, Раим Матраимов, Мелис Мырзакмтовдорду эч качан калыс, улуттун бүтүндүгү үчүн жан берет деп айта албайм. Алар да ушулардын бири - чириген регионалисттер!

Бизге улуттун, мамлекеттин бүтүндүгү зарыл! Ошондуктан эки тарапты тең колдоп, жаатташпагыла. Калыс болгула!

Кубатбек Айбашов, журналист